Ошко "Көчмөндөр жолу" эл аралык мотожүрүштүн 40тай катышуучусу келди

Мотожүрүш Оштон чыгып, Бишкек шаары аркылуу Ысык-Көлгө бет алат.
Sputnik

ОШ, 20-июн. — Sputnik. "Көчмөндөр жолу" эл аралык мотожүрүшүнүн 40тай катышуучусу 2500 чакырым аралыкты өтүп, Ош шаарына келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди. 

Алар Ош шаарындагы Сулайман-Тоо археологиялык музей комплекси менен таанышты.

Иш-чара III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы тарабынан демилгеленип, Кыргызстан мотоциклисттер коомунун колдоосунда уюштурулган. 

1 / 3
"Көчмөндөр жолу" эл аралык мотожүрүшүнүн 40тай катышуучусу 2500 чакырым аралыкты өтүп, Ош шаарына келди
2 / 3
Алар Ош шаарындагы Сулайман-Тоо археологиялык музей комплекси менен таанышты.
3 / 3
Иш-чара III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы тарабынан демилгеленип, Кыргызстан мотоциклисттер коомунун колдоосунда уюштурулган.

Катчылыктын өкүлү Айжан Абдесова билдиргендей, Кыргызстан мотоциклисттер коому Борбордук Азия мотоциклисттер ассоциациясы жана Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мото клубдары менен биргеликте жыл сайын "Көчмөндөр жолу" эл аралык мотожүрүшүн уюштуруп келет. 

"Мотожүрүш – Улуу Жибек Жолу менен Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу өтөт. Мотожүрүштүн максаты достук, биримдикти бекемдөө менен Борбордук Азиядагы мотомаданиятын илгерилетүү болуп саналат. Учурдагы мотожүрүш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып уюштурулган. Кыргызстан мотоциклисттер коому менен Борбордук Азия мотоциклисттер ассоциациясы Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоп келе жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мотожүрүштун катышуучулары Оштон чыгып, Бишкек шаары аркылуу Ысык-Көлдү көздөй бет алышат.