БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ала качууга дуушар болуп, кийин милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектүү жаран тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, буга чейин шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып эки айга камоо чечими чыккан. Ал ооруканада жаткандыктан абалы жакшырганга чейин кайтарууга алынган болчу. Эми Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгени белгилүү болду.
"Шектүү адам уурдоо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыпталууда. Ал эми кызды ала качууга катышкан 30 жаштагы киши адам уурдоо беренеси менен №1 Тергөө абагына камалган", — деп айтылат маалыматта.
Бул окуя өлкөдө чоң резонанс жаратып президентке чейин жеткен. Чүй ОИИББдин жетекчиси баш болуп 23 кызматкер жазаланган.