Темир Сариев экинчи ирет УКМКга сурак берүү үчүн чакырылды

Сариев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суракка чакырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрадан суракка чакырылганын мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Сариев тергөө амалдарын жүргүзүү иштеринин алкагында чакырылды.

УКМК Кулматовго козголгон дагы бир иштин чоо-жайын айтты
Ал эми мурдагы өкмөт башчынын айланасындагы адамдар Сариев УКМКга саат 17.00гө бара турганын айтышты.

Эске салсак, 13-июнда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Сариев күбө катары чакырылган болчу. 

Буга чейин ушул эле иштин алкагында "коррупция" беренеси боюнча айыпталып Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев жана Салайдин Авазов камакка алынган.