ОШ, 19-июн. – Sputnik. Ош облусунда жетекчисин чаап жиберген криминалдык милициянын капитанына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, начальник менен кызматкердин ортосундагы чатак мындан бир ай мурда, 3-июнь күнү болгон. Ишти Ош облусунун прокуратурасы иликтей баштаган.
"Милициянын капитаны криминалдык кызматтын жетекчисин чаап жиберип, начальник ооруканага кайрылган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна караганда, жабырлануучу анча оор эмес жаракат алган", — деп прокуратурадан билдиришти.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пункту (ден соолукка атайылап залал тийгизүү) боюнча кылмыш иш козголду.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.