Бишкектеги батирден тапанча, акча, зер буюмдарын уурдагандар кармалды. Сүрөт

Колго түшүрүлгөндөрдүн бири буга чейин уурулук, экинчиси адам өлтүрүү беренеси менен соттолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкектин криминалдык милиция кызматы турак үйлөрдү тоноого шектелген кылмыштуу топту кармады. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

1 / 3
Бишкектин криминалдык милиция кызматы турак үйлөрдү тоноого шектелген кылмыштуу топту кармады.
2 / 3
Бул кылмышка шектүүлөр үстүбүздөгү жылдын май айында кармалганы айтылат.
3 / 3
Кармоо учурунда бирөөнүн баштыгынан травматикалык тапанча, мык сууругуч жана отвертка табылган.

"Өткөн жылдын ноябрь айында борбор калаадагы үйлөрдүн бирине ууру кирип сейфти талкалап "ТОЗ-34" үлгүсүндөгү кош ооз мылтык, 120 миң сом акча жана зер бумдарды алып кеткен. Уурулардын кесепетинен үй ээси жалпы 240 миң сомдук чыгымга учураган. Бул факты боюнча Ленин райондук тергөө кызматы тарабынан 164-берененин 3-бөлүгү (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ: Кыргызстанда беш айда уюшкан кылмыштуу топтун 12 мүчөсү кармалды
Бул кылмышка шектүүлөр үстүбүздөгү жылдын май айында кармалганы айтылат. Алардын бирөө 28 жаштагы Щ.А. буга чейин да ушундай эле кылмыш менен соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Экинчиси 24 жаштагы Ч.Н. буга чейин адам өлтүрүп соттолгон. Кармоо учурунда бирөөнүн баштыгынан травматикалык тапанча, мык сууругуч жана отвертка табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган травматикалык тапанча өткөн жылы күздө Бишкектен уурдалганы аныкталган. Ал эми алар жашаган үйдү тинтүү учурунда учун кесип кыскарткан эки тапанча 30 огу менен табылган.