БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Япониянын Осака префекутарасында болгон жер титирөө үч адамдын өмүрүн алды. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып кабарлады.
Тогуз жашар кызды Такацуки шаарында мектептеги бассейндин дубалы басып калгандыгы айтылды. Андан сырткары Осака шаары менен Хигасиёдогава районунда дагы эки киши мерт болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча жер силкинүүдө 91 киши жабыр тарткан.
"Дүйшөмбү күнү 6,1 магнитудалык күч менен жер силкинген. Эпицборбору Осака префектурасы экендиги, ал эми очогу 13 чакырым тереңдикте болгону айтылды", — деп жазылган маалыматта.
Кырсык болгон аймакта темир жол байланышы, анын ичинде "Синканксэн" деп аталган жогорку ылдамдыктагы поезд да токтогон. Осака жана Хёго префектураларында 170 миң батирдеги калк электр кубаты жок отуруп калган.
Өкмөт жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу боюнча чукул кырдаалдар штабын ачты.