БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстандын тик учактары Сомалиге берилет делген фактылар Алмазбек Атамбаевди каралоо максатында атайылап бурмаланган. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Тик учактар боюнча маалымат атайылап бурмаланган. Биринчиден, мындай демилгени Генштаб көтөрүп чыккан болчу. Экинчиден, ал ишке ашпаган бойдон калган. Тик учактар Кыргызстандын аймагында. Бул чуунун жаралышынын негизги максаты — экс-президентти жаманатты кылуу. Анан дагы мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин сөздөрү келтирилиптир. Ал убагында ири суммадагы мамлекеттик каражатты уурдагандыгы үчүн кызматтан алынган", — деди Жолдубаева.
Ал ошондой эле биринчи кезекте — ошол убакта Генштабдын башчысы (Алымкожоев А.Т.) эмне себептен бул маселени көтөрүп чыкканын сураш керектигине басым жасады.
"Сураш керек, себеби мамлекет башчы тийиштүү органдардын келтирген жүйөлөрүнө көңүл буруп, анан гана чечим чыгарчу. Баса, жарыяланган маалыматтарда контракт ишке ашпай калганы ооздун учу менен айтылыптыр. Тик учактар Кыргызстандын аймагынан чыккан эмес!" — деди Жолдубаева.
Ал ошондой эле тик учак чуусу экс-президенттин бетине көө жабуу максатында жасалып жатканын кошумчалаган.