Ошто төрөгөнүнө эки апта өтүп-өтпөй каза болуп калган келиндин жүрөгү ооруп жүргөн. Бул тууралуу ал көз жарган гинекологиялык жеке клиниканын башкы дарыгери Мырза Стамбеков Sputnik агениттигинин кабарчысына айтып берди.
Келин кош бойлуу кезинде Ош шаарындагы Жийделик үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда диспансердик каттоодо турган.
"Ал бизге 30-май күнү толгоосу башталганда кайрылган. Диагнозу 37 айлык кош бойлуулук жана өпкөдөгү кан басымынын жогорулашы болчу. Мурда жүрөгү ооругандыктан, каттоодо туруп, дарыланып жүргөн экен. Операция жолу менен төрөй турганын алдын ала өзү билген, андыктан моралдык жактан даяр болчу. Операция алдында жүрөгү боюнча көрүнүп жүргөн дарыгерлер менен сүйлөшүп, алардын сунуштамасы боюнча иш кылганбыз. Операция 25 мүнөткө созулган", — деди дарыгер.
Маалыматка караганда, төрөттөн үч күн өткөн соң келинди көрсөтүү үчүн кардиологдор чакыртылган.
7-июнь күнү кардиология бөлүмүнө которулган оорулуу 12-майда таңкы саат 5.30да көз жумган.