Индонезияда эркек киши энесинин тажыясында каза болгонун РИА Новости жазып чыкты.
Сулавеси аралында 15-июнь күнү өтүп жаткан маркумду узатуу зыйнатында эркек кишилердин тобу табытты атайын орнотулган постаментке көтөрүп чыгышкан. Бирок тепкич сынып кетип, адамдар ылдый кулап түшкөн да табыт өлгөн аялдын 40 жаштагы баласынын башына тийген.
Жабырлануучуну аман алып калууга аракет кылышкан. Бирок ал ооруканага бараткан жолдо жан берген. Окуянын кесепетинен дагы бир топ киши жабыркаганы айтылууда.