Медициналык аппараттардын жетишсиздигинен улам оор операциялар чет жерде жасалып келет. Бул тууралуу Орозалы Кочоров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, абалы оор бейтаптар Алматы, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн дарыланып жатат.
"Кыргыз медицинасынын абалы күн өткөн сайын жакшырып, мурдагыга караганда бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлүп калды. Бул жаатта иштейм деген мыкты кадрларды да даярдап жатабыз. Алардын алды чет мамлекеттерден тажрыйба топтоп келсе, кээ бирлери ошол жакта иштеп калып жатат. Бүгүнкү күндө кыргыз медицинасынын бир эле жетишпеген жагы – оор операцияларга керектүү аппараттардын жетишсиздиги. Бул себептен бейтаптарыбыз айласыздан чет өлкөлөрдөн операция жасатып келет", — деди Кочоров.
Ал жакын арада заманбап жабдуулар келип, оор операциялар Кыргызстанда жасалып баштай турганын кошумчалады.