Ич кийим тууралуу жомок казакстандык ата-энелерди бушайман кылды

Эне жомоктогу көйнөк менен ич кийимдин "мамилесин" балдарына кантип түшүндүрүп берерин билбей бушайман болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Алматылык Айсулу Абубакирова балдарына сатып берген "Жолың болсын" аттуу жомоктор китебинен эротикалык маанайдагы текст таап алганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Энени таң калтырган саптар китептеги "Труси мен көйлек" (турсий менен көйнөк) жомогунда кезиккен.

"Мен сенсиз деле жашай алам. Сен ар дайым менин жанымда болуп, мага тийишип тажатасың, деп турсий көйнөккө таарынат", — деген маанидеги саптарды жомоктон кезиктирүүгө болот.

Аял жомоктун бул жерин балдарына кантип түшүндүрүп берерин билбей башы катып жатканын айтат.

Жазуучу Капалова: өзүбүз телефонду таштап китеп кармасак, балдар да ошого үйрөнөт
"Ич кийим менен көйнөк кантип бири-бирине тийишсин? Балдарым "Эми экөө үйлөнүшү керекпи деп сурап жатышат. Мен эмне деп жооп беришим керек?" — деди Айсулу Абубакирова.

Ал бул тууралуу интернетке жарыялаганда, башка ата-энелер дагы нааразычылыгын билдирип чыгышкан.

Журналисттер аталган китептин авторлорунун бирине кайрылганда, алар бул китепте мындай чыгарма болбогонун, ал кайдан пайда болуп калганын түшүнбөй жатышканын билдиришкен.