Бишкекте кыргыз-орус парламентарийлери аскерий-техникалык кызматташууну талкуулайт

Жыйында орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишмердүүлүгү боюнча да кеп болот.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Борбор калаада Жогорку Кеңеш менен Россиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын VIII жыйыны өтөт. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстан дүйнөнүн күчтүү армияларынын тизмесинде 17 сапка жогорулады
19-июнда боло турган иш-чарага Жогорку Кеңештин, Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын жана Федералдык Кеңешинин депутаттары, андан тышкары, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Иш-чарада актуалдуу маселелер, анын ичинде аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташтыктын келечеги, ошондой орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишмердүүлүгү талкууланат.

Жыйындын алкагында РФ парламенттик делегациясынын башчысы Виктор Заварзин менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакировдун жолугушуусу мерчемделген.