Окумуштуулар көп уктоонун зыянын айтып беришти

Изилдөөгө катышкан эркектердин 29 пайызында, аялдардын 24,5 пайызында метаболикалык синдромдор табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Көп уктоо адамдын организмине терс таасир тийгизе турганын BMC Public Health журналына таянуу менен РИА Новости агенттиги билдирди.

Окумуштуулар узак өмүр сүрүүнүн сырын ачты
Кызыгы адам баласына уйкунун канбай калышы кандай зыян алып келсе,  ашык уктоонун кесепети да ошондой болору айтылган.

Сеул университетинин адистери тогуз жыл бою  40 жаштан 69 жашка чейинки 133 миңге чукул кишинин маалыматтарын анализдеп чыгышкан. Изилдөө учурунда алардын оорулары, жашоо мүнөзү жана жүрүм-туруму да эске алынган.

Изилдөөгө катышкан эркектердин 29 пайызында, аялдардын 24,5 пайызында кан басымдын жогору экени жана кант диабетинин белгилери табылган. Окумуштуулар мындай ооруга алты сааттан кем жана тогуз сааттан ашык уктаган кишилер чалдыкканын аныкташкан. Адистер ошондой эле эркектерге уйкусу канбай калуу көп зыян алып келсе, аялдарга көп уктоо зыян экенин белгилешкен.