Биринчи кыргыз дирижёру Асанкан Жумакматов. Маэстронун сүрөттө калган ирмемдери

Sputnik

Атасыз балалык, автоунаа минбеген дирижёр. Асанкан Жумакматов тууралуу 5 факты
Кыргыз Республикасынын эл артисти Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында төрөлгөн. Балалыгынын көпчүлүк бөлүгү Украинада өтүп, кийин кичи мекенине кайтып келген. 17 жашында Улуу Ата мекендик согушка катышып, Сталинградда жаракат алып Кыргызстанга кайткан. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты 1948-жылы дирижёрлук студияны артыкчылык менен аяктап, Опера жана балет театрына башкы дирижёр болуп ишке алынган. 1957-жылы Москвадагы консерваторияны кызыл диплом менен бүтүрөт. Маэстро ондогон жыл Кыргыз академиялык опера жана балет театрында, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде жана улуттук филармонияда башкы дирижёр болуп эмгектенген.

Анын жетектөөсүнүн алдында КМШ өлкөлөрүндө, бир катар батыш мамлекеттеринде концерт коюлган. 70 жыл өмүрүн музыкага арнап Болот Миңжылкиев, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Дарика Жалгасынова жана Керим Турапов өңдүү бир топ классик аткаруучуларды тарбиялай алган. Музыкант он жыл мурун 85 жаш курагында дүйнө салган.

1 / 11
Асанкан Жумакматов 25 жашында Мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы дирижёру болгон
2 / 11
Маэстро Кыргызстанда бир топ классик аткаруучуларды тарбиялаган
3 / 11
Дирижёр "Токтогул", "Жамийла", "Дон Карлос", "Ромео жана Жульетта" өңдүү 50дөн ашык опера жана балетти оркестрге салган
4 / 11
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты чет өлкөлөрдө да дирижёрлук кылган
5 / 11
Ал 1957-жылы Москвадагы консерваторияны кызыл диплом менен бүтүргөн
6 / 11
Жумакматовдун жетектөөсүнүн алдында бир катар батыш мамлекеттеринде концерт коюлган
7 / 11
Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты 70 жыл өмүрүн музыкага арнаган
8 / 11
Музыкант 17 жашында Улуу Ата мекендик согушка катышып, Сталинград шаарын коргоодо жаракат алып мекенине кайтып келген
9 / 11
Кыргыз Республикасынын эл артисти Кыргыз академиялык опера жана балет театрында, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде жана филармонияда көп жыл эмгектенген
10 / 11
Анын ысымы Фрунзедеги симфониялык академиялык оркестрге берилген
11 / 11
Кыргыз Республикасынын эл артисти он жыл мурун 85 жаш курагында дүйнө салган