Бишкекте киши колдуу болгон адамдын сөөгү өз батиринен табылды

Адам өлтүрүү фактысы 15-июнь күнү Аламүдүн-1 кичирайонунан катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Аламүдүн-1 кичи районундагы батирлердин биринен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден маалымдашты.

"Маркумдун сөөгүн туугандары таап, 15-июнь күнү түнкү саат 03:30да милицияга кабарлашкан. Окуя болгон жерге Свердлов райондук ИИББдин кызматкерлери жөнөгөн", — деп милициядан билдиришти.

Ошто бөтөлкө менен башка жеп каза болгон кишинин сөөгү табылды
Тартип сакчылар шектүүнүн изи сууй электе колго түшүргөн. Алдын ала маалымат боюнча, маркум менен шектүүнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып мушташа кетишкен. Натыйжада кылмышкер колуна катуу нерсе алып тигини койгулап калган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган киши Бишкек ШИИББинин тергөө абагына киргизилди.