Сузактык жигит автоунаанын тетиктеринен жер айдаган трактор курады

Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Ак-Тоок айылынын тургуну Төлөгөн Жалиловду айылдаштары уста катары жакшы таанышат. Ал автоунаалардын тетиктеринен чакан трактор курап чыкты. Устачылык кесипти өнөргө айландырган жаш ишкер буга чейин да үй тиричилигинде колдонулуучу жабдууларды жасап, айыл элинин алкышына арзып келген.
Sputnik

30 жаштагы Жалилов эл керегине жарап, дыйкандардын түйшүгүн жеңилдетсем деп тилек кылат. Айтымында, трактордун тетиктерин кураштыруу үчүн бир ай убакыт короткон. Күнүмдүк турмушка пайдасы чоң техника менен суу, чөп ташып, мындан сырткары айыл чарба иштерине колдонуп, элдин жерин айдап берип кубантып жаткан учуру.

"Бул мини-трактор менен бактардын арасына кирип, жер айдап, түшүм жыйноодо айыл элинин түйшүгүн бир топко жеңилдетет. Техниканын башка тракторлордон айырмачылыгы да ушунда", — дейт Жалилов.

Ал күйүүчү майды аз короткон трактордун тетиктери "Жигули", "ВАЗ" жана башка ушул сыяктуу унааларга таандык экендигин кошумчалады. Ал эми моторун 50 миң сомго сатып алган.

Ак-Тоок айылынын тургуну Адылбек Темирбаев мындай жаштарды колдоо керектигин айтат.

Суткасына 10 тонна томат пастасын чыгарган орнотмо. Чериковдун ойлоп табуулары
"Айылдыктардын жер тилкелери бир гектардан ашпайт. Чакан жерге мындай тракторлор ыңгайлуу. Төлөгөн сыяктуу жаштарды мамлекет колдосо, анда жумушсуздук маселеси да чечилмек", — деди жергиликтүү тургун.

Устанын айылдаштары эгер демөөрчүлөр колдосо, ал жаңы техникалардын түрүн дагы жасамак деген пикирде.

Жалилов чөп оруучу шайман курап, бул тракторго чиркөөнүн аракетинде жүрөт. Анын жаңы тракторуна кардарлар кызыгып, бирок ал өзү үчүн жасап чыккандыктан сатуудан баш тарткан. Мындай техникага кызыккандар буюртма бере баштаганы менен уста каражат жоктугун айтат.