Футболчу Айдана Оторбаева испаниялык клуб менен келишим түздү

Футболчунун бир жылдан кийин жогорку лигада ат салышам деген планы бар
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева испаниялык Madrid CFF клубу менен бир жылдык келишим түздү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү билдирди.

Оторбаеванын айтымында, клуб менен байланышып келишим түзүүгө мекендеши жардам берген.

Учурда футболчу Испанияда каникулда жүрөт.

"Испанияга келгенде Madrid CFF клубунда машыгып, бир нече мелдеш өткөрдүк. Клуб жогорку лигада күч сынашат. Мен азырынча экинчи лигада ойномой болдум. Августтан баштап атайын программалар менен машыгууну баштайм. Азырынча мен дагы, клуб дагы каникулда. Виза маселесин чечишим керек", — деди футболчу.

Футболчу Айдана: оорудан эптеп бутка турганда апамдан айрылып калдым
Ошондой эле бир жылдын ичинде жогорку лигада ат салышууну пландап жатканын кошумчалады.

Айдана Оторбаева 22 жашта. Футбол боюнча КРдин спорт чебери, бир нече жолку чемпиону. "Абдыш-Ата", "Азалия" клубдарында ойногон.

Madrid CFF (Madrid Club de Futbol Femenino) кыз-келиндердин футболдук клубу. 2010-жылы Испанияда негизделген.