Ош: 24 жаштагы келиндин өлүмүнө төрөт себеп болгон эмес. Дарыгердин түшүндүрмөсү

2300 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайдын ден соолугу жакшы, аны жакындары үйгө алып кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ошто төрөгөнүнө эки апта өтүп-өтпөй каза болуп калган келин ооруканага кандай абалда түшкөндүгүн ал көз жарган гинекологиялык жеке клиниканын башкы дагыгери Мырза Стамбеков Sputnik агениттигинин кабарчысына айтып берди.

Келин кош бойлуу кезинде Ош шаарындагы Жийделик үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда диспансердик каттоодо турган.

Жатын моюнчасындагы эрозиянын жеткен чеги — рак. Гинеколог илдет тууралуу
"Ал бизге 30-май күнү толгоосу башталганда кайрылган. Диагнозу 37 айлык кош бойлуулук жана өпкөдөгү кан басымынын жогорулашы болчу. Мурда жүрөгү ооругандыктан, каттоодо туруп, дарыланып жүргөн экен. Операция жолу менен төрөй турганын алдын ала өзү билген, андыктан моралдык жактан даяр болчу. Операция алдында жүрөгү боюнча көрүнүп жүргөн дарыгерлер менен сүйлөшүп, алардын сунуштамасы боюнча иш кылганбыз. Операция 25 мүнөткө созулган", — деди дарыгер.

Маалыматка караганда, төрөттөн үч күн өткөн соң келинди көрсөтүү үчүн кардиологдор чакыртылган.

"Адистер жүрөктү магниттик томографияга тартып көрүү керектигин айтышты. Анткени мурда тромбоэмболиялык оорусу болгон экен. Ошол кайталанбайбы деп карап көрүү керек эле. Тилекке каршы, диагноз такталып, биз оорулууну Оштогу облустар аралык клиникалык ооруканын кардиология бөлүмүнө котордук. Андыктан келиндин каза болгонуна төрөттүн тиешеси жок", — деп түшүндүрдү Стамбеков.

Ошентип 7-июнь күнү кардиология бөлүмүнө которулган оорулуу 12-майда таңкы саат 5.30да көз жумган.

Апа, мен сизди көрөмбү?.. Ара төрөлүп, аппаратка байланган наристелер
2300 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайдын ден соолугу жакшы экени, аны жакындары үйгө алып кетишкени кошумчаланды.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бул ишти иликтөө үчүн Ош облустук ден соолук жана төрөт боюнча координаторлор башында турган атайын комиссия түзүлгөнүн, келиндин өлүмүнүн себептери комиссиянын ишинин жыйынтыгынан кийин айтыларын билдирген.