Россиядагы Футбол чемпионатынын ачылыш аземинде болчу өзгөчөлүктөр

Ачылыш аземге он мамлекеттин башчыларынын келиши күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россияда бейшемби күнү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталганы турат.

Оюндар 14-июндан 15-июлга чейин созулуп, Россиянын 11 шаарындагы стадиондо өтөт. Ачылыш азем бүгүн Москвадагы "Лужники" стадионунда болмокчу. Ошол эле жерде биринчи оюн башталат — Россия курама командасы менен сауд аравиялыктар күч сынашмакчы.

Египеттен Аргентинага чейин. КР саясатчылары менен жылдыздар кимге жан үрөйт
Р-Спорт агенттиги жазып чыккандай, салтанат Москва убактысы боюнча саат 17.30да (Бишкек убактысы боюнча 20.30) башталат. Жарым саат өткөндөн кийин арбитр оюнду баштоого белги берет. Баса, Коомдук телерадиокорпорациясынын жетекчиси Илим Карыпбеков КТРК чемпионатты трансляциялоого эксклюзивдүү укук алганын жар салган болчу.

Ачылыш аземдин форматы мурдагылардан бир топ айырмаланат. Бул ирет — шоу музыкалык номерлерден куралары белгилүү болду.

Азем учурунда бир гана футбол темасы айтылбастан, Россия тууралуу дагы маалымат берилет. Ошондой эле Венанын мамлекеттик операсынын солисти Аида Гариффулина дагы таланты менен көрүүчүлөрдү кубандырат.

Чемпионаттын ачылышында британиялык ырчы Робби Уилямс ырдап, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, бразилиялык футболчу Роналдо сөз сүйлөйт.

1 / 3
Азем учурунда бир гана футбол темасы айтылбастан, Россия тууралуу дагы маалымат берилет. Ошондой эле Венанын мамлекеттик операсынын солисти Аида Гариффулина дагы таланты менен көрүүчүлөрдү кубандырат.
2 / 3
Чемпионаттын ачылышында британиялык ырчы Робби Уилямс ырдайт
3 / 3
Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, бразилиялык футболчу Роналдо сөз сүйлөйт.

Ачылыш аземдин концепциясын түзгөн Феликс Михайловдун айтымында, шоу футбол жана сүйүү жөнүндө болмокчу.

Уйкусуз түндөр алдыда... Футбол чемпионатынын тарыхынан майда-чүйдөсүнө чейин
Россиянын лидери Владимир Путин ачылыш аземге катышып, оюнга күбө болот. Ошондой эле Абхазия, Армения, Белоруссия, Боливия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Ливан, Тажикстан, Парагвай, Кытай, Өзбекстан, Түштүк Осетиянын өлкө башчылары менен Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасынын келиши күтүлүүдө.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун Москвага учуп кеткени айтылган. Баса, мамлекет башчы кайсы курама командалар үчүн жан үрөй турганын да жашырган жок.

Дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу жаңылыктардын бардыгын Sputnik агенттигинин атайын долбоорунан орус тилинде окусаңыздар болот.