БШК депутат Игорь Чудиновду мандатынан ажыратты

Эл өкүлү 5 миллион сомдук айыпка жыгылган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Игорь Чудиновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алганын БШК билдирди.

Маалыматка караганда, Чудиновдун ордуна тизме боюнча Бактыбек Турусбеков келип, ага депутаттык төш белги менен күбөлүк тапшырылды.

Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев да УКМКдан суралып чыкты
Эскерте кетсек, октябрь райондук соту 2017-жылдын 19-декабрындагы өкүмү менен Чудиновду Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Депутат премьер-министр болуп турган кезде ошол учурдагы финансы министри менен 2009-жылдан 2015-жылга чейин 200 миллион сомдук бюджет ссудасын максатсыз пайдаланган жана мыйзамсыз бөлүштүргөн деп айыпталууда.

2018-жылдын 1-июнунда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.