Жогорку сот Садыр Жапаров боюнча чечим чыгарды

Сот коллегиясы бүгүн Жапаровдун ишин карады.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку соттун сот коллегиясы мурдагы депутат Садыр Жапаровго чыккан шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Сотто сөз сүйлөгөн Эмил Каптагаев биринчи көрсөтмөсү кандай болсо азыр да ошондой экенин айтты. Ал ошондой эле Садыр Жапаровго адвокат болоюн деген ою жок экенин белгилеп, Жапаров барымта маселеси боюнча акталышы керектигин кошумчалады.

Мэр Албек Ибраимов УКМКда сурак берип жатат
Андан сырткары, кылмыштын жагдайлары толук ачылбаганын айтты.

Ал эми прокуратуранын өкүлү бардык жагдайлар аныкталып, такталганын айтып, Жапаровду актоого негиз жок экенин билдирди.

Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов жаңы жагдайлар бар экенин, бул боюнча Башкы прокуратурага кайрыларын айтты.

"Садыр Жапаров акталат деп ойлогонбуз. Бизге сот учурунда чагымчылдык аракеттер болот деген маалымат түшкөндүктөн, тарапташтарыбызды келбегиле дегенбиз. Жаңы жагдайлар бар, ал боюнча сөзсүз Башкы прокуратурага кайрылабыз", — деди ал.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 2017-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 11,6 айга кесилген. Кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

УКМК 2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган болчу.