ЖК депутаты Нурланбек Кадыкеев түндө Түркияда көз жумду

Фракциялашы анын сөөгүн алып келиш үчүн жубайы жана туугандары учуп кеткендигин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев (Макеев) түндө Түркияда каза болду. Бул кабарды "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

"Мурда Түркиядан операция жасатып келген. Акыркы учурда ашказаны ооруп жүргөн. Кайра кеткен окшойт, түндө Түркияда каза болуп калгандыгын уктук", — деди Батырбеков.

Фракциялашы Кадыкеевдин сөөгүн алып келиш үчүн жубайы жана туугандары учуп кеткендигин кошумчалады.

Депутат Рыскелди Момбековдун агасы көз жумду
Кадыкеев 1970-жылдын 21-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.

2015-жылдын 4-октябрында "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Ага чейин 2005-жылдан 2010-жылга дейре "Манас" бажыканасынын начальниги болуп иштеген.

Маркумдун жардамчысы ал буга чейин Макеев деп аталган фамилиясын өз атасынын атына Кадыкеев деп өзгөрткөндүгүн айтты.