УКМКда экс-премьер Темир Сариев дагы сурак берип жатат

Темир Сариев УКМКга күбө катары чакырылганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Экс-премьер Темир Сариев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип жатканын аталган мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Сариев күбө катары чакырылган.

Ушул эле иш боюнча "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан Сапар Исаковду бүгүн шаардык сот камакта калтырды.