Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Өткөрүү пунктуларынан 15-июндан тарта адамдар, унаа жана жүк өткөрүлбөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. 15-июндан 18-июнга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы көзөмөл пунктулары жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

"Чек ара Кыргызстандагы Орозо айт жана Кытайдагы Дуань-у цзе (Акындар күнү — ред.) майрамынан улам кытай тараптын демилгеси менен жабылууда", — деп айтылат мааламытта.

Чек арадан адамдарды, унаа жана жүктү өткөрүү 19-июнда калыбына келет.