Боронов "Коопсуз шаар" долбоору качан ишке ашырыла турганын айтты

Биринчи вице-премьер конкурс өтүп, жеңүүчү компания тандалса күздөн баштап шаардын көчөлөрүнө камера орнотула баштарын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештеги өкмөттүк саат учурунда азыр Бишкек шаарында Коопсуз шаар долбоору кайсы стадияда экенин жана сынамык үчүн коюлган камералар кандай иштеп жатканы тууралуу маалымат берди.

Боронов Бишкек шаарынын жолдоруна камераларды коюу боюнча аракеттер жүрүп жатканын айтты.

"18-июнга чейин бардык документ иштерин аяктайбыз. Андан кийин конкурс жарыялайбыз. Күзгө чейин камералар коюла баштайт деп турабыз", — деди ал.

Душанбеде "Коопсуз шаар" долбоорунан 53,5 млн. доллар пайда түштү
Боронов ошондой эле учурда Бишкек шаарында сынамак үчүн төрт камера коюлганын белгилеп кетти.

"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Кубанычбек Сааданбеков ошол төрт камерадан мыйзам бузуулар автоматташтырылган системага түшүп жатканын маалымдады.

Ал камерага мыйзам бузган машинанын номери, эреже бузган убактысы жазылып, алардын бардыгын иликтеп анализдөөгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Андан сырткары, системадан мамлекеттик номер аркылуу издөө салып, ал номер автоматташтырылган системага канча жолу түшкөнүн да билүүгө болорун депутаттарга көрсөтүп берди.