Трамп Түндүк Кореяга киргизилген санкцияларды токтотту

Түндүк Кореяга 300 позиция боюнча санкция киргизилген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяга карата киргизилген 300 позиция боюнча санкциялар токтотулганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

"Менде 300 санкция бар болчу", — деп Трамп маалымат жыйында журналисттерге билдирген. Ал өз сөзүндө эми аларды киргизүүдөн баш тартканын, анткени "сыйлабастыкка" жатарын белгилеген.

"Бирок биз санкция киргизүү мүмкүнчүлүгүн жоготпойбуз", — деп Трамп сөзүн улады.

Трамп менен Ким Чен Ын жыйынтыктоочу документке кол коюшту
АКШ президенти ошондой эле Түндүк Корея менен болгон сүйлөшүүлөр туура багытта жүрүп жаткан учурда аймакта аскердик машыгууларды өткөрбөй турганын маалымдады. Бирок ошол эле учурда АКШ Түштүк Кореядагы аскер базаларынын көлөмүн азайтпай турганын айтты.

Трамп журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, Пхеньян менен дипломатиялык мамиле курууга даяр экенин, бирок ал "дароо эле" болуп кетпей турганын билдирди.

Түндүк Корея менен АКШнын лидерлери Сингапурда өткөн саммиттин жыйынтыгында жыйынтыктоочу документке кол койду. Келишимге ылайык, Трамп Түндүк Кореяга коопсуздукту кепилдөө милдетин алган. Өз кезегинде Ким Чен Ын Корея жарым аралында өзөктүк куралдан толук баш тартууга даяр экенин белгилеген.

Эки тарап ошондой эле тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жолугушуу өткөрүү милдетин алышкан. ТИМ башчылары саммитте жетишилген келишимдерди ишке ашырууну талкуулашат.

ЖМКлар Трамптын маанилүү документтерди тыта берген адатын жазды
Ким Чен Ын кол коюлган документтерди тарыхый деп атап, жаңы башталыштын жышааны экенин айткан. Ал эми Трамп саммиттин жыйынтыгына сыймыктана турганын белгиледи.

Тарыхый жолугушууга даярдыктар быйыл жаздан тарта башталган. Жолугушуунун ишке ашышын Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын лидерлеринин жолугушуусу жана АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Пхеньянга болгон сапары илгерилеткен.