Топчугүл Шайдуллаева "Карегимде өрүкзар" аттуу кечесине чакырат

Кече 2018-жылдын 14-июнунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жазуучу, публицист жана социолог Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналган "Карегимде өрүкзар" аттуу кече өтөт. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык фондусунан кабарлашты.

Шайдуллаеванын алгачкы "Жан шерик" аӊгемелер жыйнагы 2000-жылы басылып чыгып, "Жылдын эӊ мыкты китеби" сыйлыгына татыган. 2006-жылы "Ташка чыккан гүл", 2008-жылы "Акылкасас", 2011-жылы "Всему свое время", 2017-жылы "Кызыл өрүк" китептери жарык көргөн.

Шайдуллаева: айылдан келгенде шаардык кыздарды көрүп аябай таң калгам
Кече 2018-жылдын 14-июнунда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын кичи залында өтөт.

Шайдуллаева өрүкзарлуу Баткендин Кара-Булак айылында төрөлүп, бой тарткан. Кесиби журналист, социолог, социология илимдеринин кандидаты.

Анын аӊгемелери өзүнүн кичине көлөмүнө чоң ойду батыра алгандыгы менен айырмаланат. Шайдуллаева Кыргызстандын Жазуучулар, Журналисттер союздарынын жана Эл аралык жазуучулардын ПЕН клубунун мүчөсү, КРдин маданиятынын мыктысы.