КРдин алтын валюта резерви ай сайын азаюуда. Майда 15 млн. долларга кемиди

Эл аралык валюта резерви улуттук валютанын курсун туруктуу кармап туруу үчүн керек.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстандын алтын валюта резерви азайганы Улуттук банктын сайтында жазылды.

Абылгазиев: мамлекеттик ипотеканын үстөгүн 6 пайызга кыскартуу керек
Январь айынын аягында алтын валюта кору 2 миллиард 220,4 миллион доллар болсо, февраль айынын соңунда 2 миллиард 214 миллион, ал эми март айынын аягында 2 миллиард 212 миллион, апрелдин соңунда дээрлик 2 миллион 193 миллион доллар болгон. Май айынын аягында 2 миллиард 178,24 миллион долларды түздү.

Ошентип январдан бери Улуттук банктын резерви 42,2 миллион долларга азайган.

Кыргызстандын эл аралык валюта кору ондогон валюталардан, СDR жана алтындан турат. СDR — карыз алууга укугу бар, Эл аралык валюта фондусунун жасалма резерви жана төлөм каражаты. Аларды эл аралык эсептерде жана төлөмдөрдө, төлөм балансынын таңкыстыгын жабууда жана улуттук валютанын курсун турукташтырууда колдонууга болот.