Радио

Токтогазы уулу: Кадыр түндү шаан-шөкөт менен өткөрүү туура эмес

Представитель отдела фатвы ДУМК Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулу Кадыр түндү Кудайга жаккан таризде өткөрүү керектигин айтты.
Sputnik
Токтогазы уулу: Кадыр түндү шаан-шөкөт менен өткөрүү туура эмес
Токтогазы уулу: Кадыр түндү шаан-шөкөт менен өткөрүү туура эмес

Кадыр түн — тагдырлардын жазыла турган кечеси. Бул тууралуу Бактияр Токтогазы уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул күндү шаан-шөкөт менен өткөрүү туура эмес.

"Кадыр түндө Кудайга жаккан иштерди жасап, диний маселелерди козгоп, сабактарды өтүп, Кудайды эстеп, өлкөбүз өнүксүн деген тилектерди айтып, дуба кылуу керек. Бул күндү шаан-шөкөт, музыканын коштоосунда өткөрүү туура эмес. Кадыр түн тагдырлардын жазыла турган күнү болгондуктан, Кудайдан жакшы нерселерди сураныш керек", — деди Токтогазы уулу.

Ал Кадыр түндү эркектер мечитте, аялдар үйдө өткөрүш керектигин кошумчалады.