Ала качуу көйгөйү эртең эле чечилип калат деп да эч ким айта албайт. Дал ушул ала качуунун арты менен турмуш куруп, очор-бачар жашагандар арбын. Бирок эмне болгон күндө да Бурулайдын каргашалуу окуясын, андан башка талкаланган тагдырларды тараза ташына салганда кыз ала качуу — кылмыш эле эмес, улут келечегине кедергисин тийгизген жапайылык экенин көрүүгө болот. Анткен менен ала качууну кадимки эле көрүнүш көргөн жигиттер миңдеп саналат.
Бир көрүп эле ала качып, тагдырын байлаган жигиттерге дайыма таң кала берчүмүн. Жок дегенде өзүлөрүн ойлобойбу. Ал кыздын ден соолугу жакшыбы? Кандай бала төрөйт? А балким ууру, кылмышкер болсо кантет? Качан гана теңтуштарым тапырап үйлөнө баштаганда гана жогорку суроолорго жооп алдым. Ала качууга көбүнесе уялчаак, кыздар менен мамиле куруп көрбөгөн, өзүнө ишенбеген, анан айрым учурда материалдык жактан тартыш болгон жигиттер барышат экен. Албетте, баары мындай дегенден алысмын. Телегейи тегиз туруп деле ала качып үйлөнгөндөр бар. Негизи бир убак келип эле классташтар, достор бири-бирин көрүп үйлөнө беришет. Тойдо мас болуп жүрүп, соолукпастан ала качып үйлөнүп, үч күндөн кийин ажырашып кеткендер да жок эмес.
Жигиттердин мындай талкаланган тагдырлары толтура. Кыздардыкын айтпасак да белгилүү. Андыктан жигиттер, келгиле, адамзат үчүн берилген эң бир керемет, кайталангыс, ордун эч бир нерсе алмаштыргыс сүйүү деген сыйкыр сезимдин даамын татып жашайлы. Мектепте окуп жүргөндө ар бир жигиттин сөзсүз жактырып, көз салып, суктанып жүргөн кызы болот. Ал кызды көргөндө уяласың, бирок ал ушунчалык татынакай, болуп көрбөгөндөй жагымдуу жан, көрөр замат ырахат аласың, өзүңчө жыргайсың. Дал ошол кыз үчүн алкачкы ирет одеколон сатып аласың. Күзгү, тарак дегендер чөнтөктөн орун таап, чачты суулап тарап каласың. Иш оңунан чыгып, ал кыздын жүрөгүн багындырып алсаң сенден өткөн бактылуу адам жок.
P.S Сүйлөшкөн кызым айылга барган сайын жүрөк безилдейт. Алып качып кетпесе экен деп жараткандан тилейм. Мага окшогондор миңдеп саналат. Келгиле жигиттер, тагдыр талкалаганды токтотуп, сүйүктүү болуп, сүйүп жашайлы!