БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов ирландиялык спортчу Конор Макгрегор менен беттеше тургандыгын мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) башчысы Дэйна Уайт билдирди. Бул тууралуу Р-Спорт порталы жазып чыкты.
"Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор Москвадагы турнирде мушташпайт, анткени ага мүмкүнчүлүк жок. Менимче алдыда боло турган беттеш мыкты өтөт. Азырынча Конор менен сүйлөшө элекмин. Мен ал менен соту болгонго чейин жолугуп бул маселени талкуулайм", — деп Уайт интервьюсунда кабарлады.
Буга чейин эки мушкердин беттеши АКШнын Нью-Йорк же Лас-Вегас шаарында өтө тургандыгы болжолдонуп келген.
Ал өзүнүн карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңишке жетишкен. Ал россиялыктардын арасынан биринчилерден болуп UFC чемпиону болду. Ал эми Макгрегор бир жарым жылдан бери ММАге чыга элек. Азыркы маалда анын турнирге кайтып келүүсүнө мыйзам менен болгон көгөйү себеп болууда — ал UFC 223 турниринин катышуучулары менен бара жаткан автобуска кол салган.
Аталган иш боюнча сот отуруму 14-июнда өткөрүлөт.