Депутат Рыскелди Момбековдун агасы көз жумду

Эл өкүлүнүн агасы оорудан улам көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун бир тууган агасы Дөөлөтбек Момбеков каза болду. Бул тууралуу эл өкүлүнүн жакындары билдирди.

Дөөлөтбек Момбеков 52 жашында 8-июнь күнү узакка созулган оорудан улам көз жумган. Маркумдун сөөгү 9-июнь күнү Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында жерге берилген.

Эске салсак, Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына КСДПдан депутат болуп келген.