Путин Кытайда улуттук тамак-аштан ооз тийип, гоубули түйдү. Видео

9-10-июнь күндөрү Циндао шаарында ШКУ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммити өтүп жатат.
Sputnik

Россия президенти Владимир Путин Кытайда ашпозчулар даярдап жаткан тамакка кол тийгизип, даамдап көрдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Пекинде коюлган "Манас" операсы Сооронбай Жээнбековду толкундантты
ССТV телеканалынын видеосунда көрүнүп тургандай, Путин кытай лидери Си Цзиньпин менен тамактануу жайына кирип келе жатып, тамак даярдап жаткан ашпозчулардын жанына токтогон. РФ лидери алгач блинди бышырып, андан соң чүчварага окшогон гоубули аттуу тамактын камырын түйгөн.

Ал ортодо орус президенти кол тийгизген блин даяр болуп, ашпозчулар аны эки лидерге ооз тийүүгө сунат. Ушул маалда Владимир Путин кытайлык кесиптешин "мен жасаган тамакты жеп жатасыз" деп тамашалоого үлгүрдү.

Белгилей кетсек, 9-10-июнь күндөрү Циндао шаарында ШКУ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммити өтүп жатат.

Баса, жума күнү Кытай лидери Си Цзиньпин Путинге өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы болуп эсептелген Кытай Эл Республикасынын Достук төш белгисин тапшырган.