Кыргызстанда чет элдиктер үчүн жаңы унаа номерлери пайда болду. Сүрөт

Кайрадан бериле турчу төрт орундуу номерлер кыргызстандыктар үчүн жеткиликсиз болот.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда чет элдиктер үчүн унаага бериле турган жаңы номерлердин үлгүсү киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Образец новых автомобильных номеров для иностранцев

Жаңы номерлер жеке жактарга жана юридикалык жактарга да каралган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Саамалык чет элдиктердин каттоо кызматын тез жана тоскоолдуксуз алууга шарт түзөт. Мындан тышкары, жол коопсуздугу боюнча укук коргоо органдарынын көзөмөлүнө жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө аталган чечим Кыргызстандын аймагында транспорттук каражаттарды каттоонун, кайрадан каттоо жана каттоодон чыгаруунун бирдиктүү тартибин киргизүүгө, транспорттук каражатты пайдаланууга берүүнү иретке келтирүүгө багытталганы жазылган.