Таласта катуу шамал мектептин чатырын каңтарып кетти. Сүрөт

Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн, 8-июнда, Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Көй-Сай айыл аймагында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шамал саат 10.00-11.00дөр чамасында болуп, Көк-Сай айылындагы мектептин чатырын каңтарып кеткен. 

Последствия сильного ветра в Кара-Буринском районе Таласа

Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти.