БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Ара-Көл айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышып, Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун жана Нарын районунун Жан-Булак айылындагы "Жийде-Бак" үрөн чарбасынын иши менен таанышат.
Ошондой эле Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Ат-Башы ГЭСинин ишин көрөт.
Мындан тышкары, Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан турак жайдын курулушунун жүрүшүнө күбө болуп, Нарын облустук бириккен ооруканасынын терапия бөлүмүнүн абалы менен таанышмакчы.