Пекинде коюлган "Манас" операсы Сооронбай Жээнбековду толкундантты

Сооронбай Жээнбеков Кытайга үч күндүк мамлекеттик сапары менен барды. Жолугушуулардан сырткары, программада “Манас” операсы дагы камтылган болчу.
Sputnik

ПЕКИН, 8-июн. – Sputnik. 7-июнда Пекиндин “Тяньцзао” искусство борборунда “Манас” операсы тартууланды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди. 

Эки миңдей кишиге арналган залда дээрлик бош орун калган жок. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү кытай жарандары болду. Алар актерлорду сахнадан дүркүрөгөн кол чабуулар менен узатты. 

Кийин элдин алдына сөз сүйлөө үчүн Сооронбай Жээнбеков чыкты.

“Опера Жусуп Мамайдын версиясындагы эпос боюнча коюлду. Бул Кытай Эл Республикасынын биздин маданиятка болгон сый урматынын туу чокусу. Менин билишимче Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эпосту үч ирет эскерген. Мисалы, бир жолу Кытайдын маданият тармагынын өкүлдөрү менен жолугушканда. 6-июнда дагы эпос тууралуу жылуу сөздөрүн айтып жатты. Биз буга абдан кубандык”, — деди Жээнбеков. 

Мамлекет башчы актерлордун чеберчилигине баа берип, Кытай тарапка ыраазычылыгын билдирди. 

“Коллективдин аткарган иши үчүн терең ыраазычылык билдирем жана сиздерди Кыргызстанга чакырып кетким келет”, — деди президент. 

Сооронбай Жээнбеков: Кытай биздин эң жакын досубуз
Опера негизинен Манас" жана "Семетей" бөлүмдөрүнөн турат. Анда Манас баатырдын улуу жеңиштери баяндалат.

Экинчи бөлүктө "Семетейдин" жараткан ийгиликтери чагылдырылган. Анын да атасынын жолун жолдоп, элин жоодон сактаган эрдиктерине орун берилген.

Аягында Манас баатырдын арбагы бардык кыргыздарды бириктирип, аларды жаңы ийгиликтерди жаратып, жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырат.

Сооронбай Жээнбеков Кытайга үч күндүк мамлекеттик сапары менен барды. Жолугушуулардан сырткары, программада “Манас” операсы дагы камтылган болчу.