Бурулайдын элесине... Кыз ала качуу тууралуу тасма тартылды. Видео

Кыска метраждуу тасмада уурдалып кеткен кыздардын жана алардын жакындарынын абалы тууралуу баяндалат.
Sputnik

Жеңелер кармап берип зордуктаткан. Ала качууга тушугуп, кордолгон 7 келиндин окуясы
Кыргызстанда "Ала качуу" деп аталган кыска метраждуу тасма тартылды. Бул фильм Бишкекте ала качып алган киши милиция бөлүмүндө бычактап салган 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын жаркын элесине арналды.

Тасманын башкы каарманы — айылда апасы менен чогуу жашаган Ажар аттуу кыз. Жетишпеген турмуштун айынан атасы Россияга иштегени кеткен. Ажар абаын активдүү, шайыр кыз. Бирок аны бир күнү ала качып кетишет.

Сценарийдин автору жана фильмдин режиссеру — Азим Азимов. Тасма БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен тартылды.