Жайкы туристтик сезонго даярдыгыбыз начар болууда. Бул тууралуу Акылбек Жаманкулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, киреше таба албай жаткан мамлекеттик пансионаттардын ишмердүүлүгүн карап чыгуу керек.
"Ысык-Көлдө туристтик сезон жакындап келе жатат. Учурда даярдыгыбыз өтө начар. Жолдорду көрүп жатасыздар. Сезондо авариялар көбөйүшү мүмкүн. Андыктан жолго постторду көбөйтүү маселесин өкмөт карап чыкса жакшы болор эле", — деди депутат.
Ал убагында эталон болуп турган мамлекеттик пансионаттар учурда жарытарлык киреше таба албай жатканын сынга алды.