Эсепти чемичкедей чаккан кыргызстандык балдар сынакта 1-орунду алды

Менталдык арифметика боюнча жарышта жеткинчектер экранга чыккан үч орундуу сандарды эң көп дегенде 1, эң аз дегенде 0,2 секундада кошуп кемитүүгө жетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгинде менталдык арифметиканын FOC форматы боюнча (Fast Oral Count — оозеки тез эсептөө) II эл аралык сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди. 

Маалыматка караганда, 1-3-июнь аралыгында өткөн конкурска Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстандан келген 4 жаштан 16 жашка чейинки балдар катышкан. 

Международные соревнования по ментальной арифметике в Иссык-Куле

Олимпиадада жалпысынан 18 комплект алтын, 30 күмүш жана 48 коло медаль ойнотулган.

"Натыйжада жалпы командалык эсепте кыргызстандык "Интеллект" борборунун балдары биринчи орунду ээледи. Казакстандан келген Lets жана "Акменар" тобу экинчи орунду бөлүп алды. Ал эми үчүнчү орунга казакстандык Uniquekids менен дагы бир кыргызстандык "Звездочки" борборунун балдары ээ болду", — дешти уюштуруучулар.

Эсепти чемичкедей чаккан кыргызстандык балдар сынакта 1-орунду алды
Белгилей кетчү жагдай, акыл жарышында балдар экранга чыккан үч орундуу сандарды эң көп дегенде 1, эң аз дегенде 0,2 секундада кошуп кемитүүгө жетишкен.

Конкурстун расмий ачылышына Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова, Жогорку Кеңештин социалдык маселелер жана билим берүү комитетинин өкүлү Чатыргүл Бекишева, JICA япон агенттигинин туруктуу өкүлү Кикучи Казухико жана кыргыз-япон борборунун директору Канат Көлбаев катышкан.