"Алиппенин" автору. Ленинге кат жазган Ишеналы Арабаев тууралуу 7 факты

Кыргыз элинен чыккан алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаев 85 жыл мурун дал бүгүн дүйнөдөн кайткан. Залкар инсан XX кылымдын башында кыргыз тарыхынын жана маданиятынын калыптанышына эбегейсиз салым кошкон.
Sputnik

Алгачкы “Алиппе” китебин жазып, улуттук алфавиттин уңгусун түзүп, кыргыз жазуу маданиятын калыптандыргандардын бири болгон Ишеналы Арабаевдин ишмердиги көп убакыт күн жүзүнө чыкпай, эми гана татыктуу ордун таап жатат. Кыска өмүрүн сабатсыз кыргыз калкы илимдүү-билимдүү болуп, өз маданиятын таанып билсин деген улуу максатка арнаган залкар инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Билимге арналган өмүр. Ишеналы Арабаев 1882-жылы Кочкор районунун Күн-Батыш айылында жарык дүйнөгө келген. 1900-жылы жергиликтүү мектепти аяктаган соң он жылга жакын кыргыз айыл-кыштактарында мугалим болуп эмгектенген. Агартуу жолундагы башкы максаттарын ишке ашыруу үчүн алгач өзүнүн билимдүү болуусу керек экенин түшүнүп,  1910-жылы Россиянын Оренбург шаарындагы "Кусания" медресесинде окуй баштайт. Бул жерде бир жыл билим алган соң Уфа шаарындагы "Галия" медресесинде эки жыл билим алат.

Манасчы Сагынбай Орозбаков жөнүндө кызыктуу 15 факты. Көөдөнгө баткан 180 миң сап
Мектеп ачып, элди окуткан. Арабаев студент кезинде эле коомдук иштерге катышып, бир катар илимий-агартуучу макалаларды жазат. 1911-жылы Казань шаарында акын Молдо Кылычтын "Кысса зилзаласын" кыргызча китеп кылып басмадан чыгарган. Ушул эле жылы казак студенти К.Сарсекеев менен бирге эки элдин балдары үчүн "Алиппе жаки төтө окуу" (Алиппе жана шар окуу) китебин жазат. Бир жылдан соң Оренбургда "Жазуу өрнөктөрү" китебин чыгарат. 35 беттен турган китепте жазуу эрежелери жана тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү түшүндүрүлгөн. Россиядан билим алып келген соң 1913-1916-жылдар аралыгында Көл жан Нарын аймактарында мектеп ачып, элдин сабатсыздыгын жоюу үчүн жан үрөп иштей баштайт.

Кытайда калган кыргыздарды кайтарган. Ишеналы Арабаевдин элге билим берүү максатына 1916-жылдагы Үркүн тоскоол болот. Эл менен Кытайдын Үч-Турпан деген жерине качып барат. Ал жерден 1917-жылдагы революциядан кийин өз мекенине кайтып келген. Агартуучу өз жерине келгенден кийин Кытайда калып калган мекендештерин кайтаруу үчүн алгылыктуу иштерди жасай баштайт. Элинин тагдырына кайдыгер болбой Лениндин өзүнө кат жазып, жаңы орногон бийликтен кыргыздарды алып келүүгө акча бөлдүртөт. Ал гана эмес, жеке өзү да Кытайга эки жолу барып кыргыздар менен жолугуп келет. Натыйжада 1920-жылы 300 миңге жакын кыргыз жана казак өз жерине кайтат.

Жүз жашка чыкты! Туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова тууралуу 8 факты
Мугалимдерди даярдаган. Агартуучу жаңы орногон советтик бийликти кубануу менен кабыл алган. Бүт өмүрүн элдин сабатсыздыгын жоюуга арнаган ишмерге жаңы бийликтин карапайым калкты агартуу саясаты өтө жаккан. Бир катар жооптуу кызматтарда иштеп, өлкөнүн коомдук жана саясий иштерине активдүү катышып, аны менен бирге кыргыз мектептерине мугалимдерди даярдай турган алгачкы курстарды уюштурат. 1924-жылы Түркстан АССРинде уюшулган Илимий комиссияны жетектеп турганда арифметика, табият таануу жана география сыяктуу илимдерди камтыган бир катар окуу китептерин жарыкка чыгарат. Элдик оозеки чыгармаларды жыйноо менен бирге улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунан “Манас” эпосунун вариантын жаздырып алуунун демилгечиси болгон.

Алгачкы "Алиппенин" автору. Арабаев 1924-жылы түзүлгөн Кыргыз автономиялуу облусунун коомдук иштерине да өз салымын кошкон. “Эркин-Тоо” гезитин негиздөөгө катышып, анын биринчи санына агартуучунун калемине таандык макала чыккан. Элди караңгылыктан чыгаруу максатында араб арибинин негизинде туңгуч кыргыз алфавитин, “Кыргыз алиппесин”, грамматика жана табият таануу боюнча биринчи кыргызча окуу китебин, “Сабатсыз чоңдор үчүн алиппени” жана кыргыз мугалимдерине колдонмо иретинде “Саамалык” аттуу китепче жазып, анда он бир сабактын үлгүсүн берген. Арабаевдин агартуу жаатындагы ишмердиги жалпы кыргыз элинин сабаттуу болуусуна өбөлгө болуп, ал жазган "Алиппе" улам жаңыланып олтуруп азыркы кезге чейин жеткен.

"Ата-Бейит": жарым кылым ың-жыңсыз жаткан кайрандар. Чүкөдөй кемпир ачкан чындык
Репрессиянын курмандыгы. 1930-жылы башталган репрессия кыргыздын көптөгөн тың чыкма азаматтарынын башын жуткан. Ошол каардуу заманда “Социал-Туран партиясын” уюштурган деген жалган жалаа менен камакка алынгандардын катарында Ишеналы Арабаев да бар эле. Ал 1933-жылы 11-майда камакка алынып, Фрунзеден Ташкенттеги түрмөгө которулган. Ошол эле жылы 7-июнда эртең менен Арабаев жаткан камерага ташкенттик тергөөчү С.Левшин кирип чыккан. Ал эми кечинде камерадан Ишеналы Арабаевдин сөөгү табылган. Илимпоз 1958-жылы толугу менен акталган.

Унутулбаган өмүр. Ишеналы Арабаевдин аты Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетине берилген. Окуу жайдын ичинде музей уюштурулуп, анда улуу инсандын эмгектери жана китептери коюлган. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу айылындагы мектеп жана маданият үйү улуу инсандын атын алып жүрсө, Уфа шаарында анын урматына эскерүү тактасы коюлган. Ал жыйырмага жакын китеп жазган.