Ысык-Көлгө чет элдик каттамдар качан уча баштары белгилүү болду

Маалыматта үч шаардан учактар учуп келери айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 21-июндан тарта туристтик сезонду ачат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Бишкек туристтер жазында көп каттай турган 10 шаардын катарында
Алгачкылардан болуп Россиянын Новосибирск шаарынан учак келип конот. Россиянын S7 авиакомпаниясы жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү каттап турат.

22-июнда Оштон учак келип конот. TezJet авиакомпаниясы жумасына үч жолу Ош — Ысык-Көл — Ош каттамы менен жүргүнчүлөрдү ташыйт.

22-июндан тартып "Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясы Ташкенттен жүргүнчүлөрдү шейшемби жана жума күндөрү ташып келип турат.

29-июнда "Ысык-Көл" аэропорту Алматыдан учактарды кабыл ала баштайт. QAZAQ air авиакомпаниясы жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү каттамакчы.