Бишкекте тосмону сүзгөн унаа ичиндегилер жабыркады. Видео

Кырсык бүгүн эртең менен болжол менен саат 7.10до 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

Кырсыктан кийинки видеону Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө жиберген. Анын айтымында, окуя 6-июнь күнү эртең менен катталган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

"Honda Fit унаасын айдап келе жаткан 24 жаштагы айдоочу 7-Апрель көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан. Рулга ээ боло албай калып, айлампа жолдон өткөндөн кийин орнотулган тосмону сүзүп, оодарылып калган", — дешти милициядан.

Кырсыктын натыйжасында ичиндеги 26 жаштагы аял башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Айдоочу жабыркаган эмес. Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилди.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.