Кыргызстанга кымбат унааларды мыйзамсыз алып кирүүнүн схемасы ачыкталды

Кыргызстанда коррупциялык жол менен каттоого алынган 2010-жылкы Lexus RX 350 унаасы аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстанда өлкө аймагына кымбат унааларды алып кирүүнүн кезектеги коррупциялык схемасы ачыкталганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Финпол хан сарайы тинтүүгө алынган бажычынын кесиптешин кармады
Маалыматка ылайык, Финполдун кызматкерлери 2010-жылы чыккан Lexus RX 350 үлгүсүндөгү унааны аткезчилик жол менен кирген фактысын аныкташкан. Унаа Кыргызстанга 2017-жылы алып келинип, жасалма документ менен машинанын өзү жок туруп Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында каттоого алынган. Андан кийин унаа кылмыштын изин жашыруу үчүн бир нече ирет кайра катталган.

Машина 1-июнда кармалган. Финполдун баасы боюнча мыйзамсыз алып келүүнүн натыйжасында мамлекет 1 миллион 455 миң сомдук чыгым тарткан.

"Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", 240 "Аткезчилик", жана 350 "Документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Финпол унааны өлкө аймагына алып кирген жаран ыктыярдуу түрдө бажы төлөмдөрүн айып пулу менен кошо төлөп, бажы каттоосунан өтсө кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн экенин белгиледи.