БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында апасынын тууганы тарабынан сабалды делген эки жаштагы наристе ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бүгүнкү күндө наристенин абалы канааттандырарлык. Ал апасы менен биргеликте атасынын туугандарынын үйүндө жашап жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү наристенин үй-бүлөсүнө психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлүп жатат.
Алгач наристени сабаган деп өспүрүм бала шектелген. Бирок тергөө учурунда ал апасын коргоп жатканы аныкталган (сабалган баланын таажеңеси). Учурда тергөө иштери уланып жатат.
27-май күнү эки жаштагы наристе сабалганы маалымдалган. Ал көгала тактары менен Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылган болчу.