Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине ушуну менен төртүнчү жолу чакырылды.
Мурунку өкмөт башчы буга чейин 29-майда да УКМКнын суроолоруна жооп берген. Ал эми биринчи жолу 26-апрелде УКМКга Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары келген.
Исаков бүгүн саат 16:00гө чакырылып, УКМКнын имаратына кирип кетти.
"Менин статусум ушундай, канча чакырса ошончо келем, мыйзамды сыйлашым керек. Бул абдан маанилүү", — деди ал.
УКМК тараткан билдирүүдө Сапар Исаков 2013-жылы президентинин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Айыпта ал адамдардын бир тобу менен подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогону айтылат. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.
Мурдагы премьер үчүнчү жолу чакырылып, сурак берип чыккандан кийин ызасы чексиз экенин айтып, нааразычылыгын билдирген эле.