Чек ара кызматы кыргыз-тажик чегиндеги абал боюнча үн катты

Эки мамлекеттин чек арачылары жолугуп, тактала элек чек ара сызыгында өзүн алып жүрүү эрежесин мындан ары бузбоо боюнча сүйлөшүү жүргүздү.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргыз-өзбек чек арасында ок чыгарылбай турган болду
Белгилей кетсек, 4-июнда саат 17:10дор чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат аймагындагы "Футбол аянтчасы" деген жерге тажик аскерлери мыйзамды бузуп кирип келген. Тажик жоокерлери тактала элек жерде мыйзамсыз жүргөндүктөн КР чек арачылары чыгып кетүүнү талап кылган, бирок алар талапты аткарбай асманга ок аткандыктан кармалган.

Эки мамлекеттин чек арачылары жолугуп, тактала элек чек ара сызыгында өзүн алып жүрүү эрежесин мындан ары бузбоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, үч тажик аскери коңшуларга өткөрүп берилген.

1 / 3
Лейлектин Максат айылы Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында жайгашкан
2 / 3
Максат айылында 265 үй бар, бирок калкынын саны 765ти түзөт.
3 / 3
ажикстандын Согди облусунун Очкала айылы менен чектешет.

"Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү аскер прокуратурасы тарабынан окуя боюнча бир тараптуу иликтөө жүргүзүүнү макулдашты. Ошондой эле 6-июнда Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы менен Тажикстандын УКМКсынын башчысынын жолугушуусу пландалды. Алар кырдаалды талкуулап, мындай окуялар кайталанбашы үчүн чара көрөт", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстандын чек арасылары жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.