Финпол хан сарайы тинтүүгө алынган бажычынын кесиптешин кармады

Буга чейин Борбордук бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашев кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кытайдан келген товарларга мыйзамсыз бажы каттоолорун жүргүзүүгө байланышкан кылмыш ишинин алкагында Бажы кызматы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Н.З. аттуу жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланалуу), 221 (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 210-беренелери (Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө) боюнча кылмыш иши козголгон.

Матраимовдун үйүн карагыла! Депутат бажычылардын үйүн текшерүүнү талап кылды
Анын алкагында Борбордук бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашев кармалып, үйү тиндүүгө алынган.

2015-жылы 20-августта "А." ЖЧКсы U.Q.I.T.C.L компаниясы менен Кытайда терини кайрадан иштетип чыгуу, бут кийим, кийим-кече чыгаруу боюнча келишим түзгөн. Бажынын айрым кызматкерлери "А." ЖЧКсы менен жең ичинен сүйлөшүп Кытайдан келген товарларга мыйзамсыз бажы каттоолорун жүргүзүүгө жол ачып берген.

Натыйжада бажы төлөмдөрүнөн 166 миллион сомдон ашык каражат казынадан кыйгап өтүп, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталган.