Дастан Догоев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Президенттин жаңы кеңешчиси мурда Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik.Дастан Догоев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбеков баш прокурордун орун басарын кетирип, жаңысын дайындады
Догоевди аталган кызматка дайындоо боюнча Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин ал Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, бирок ушул жылдын февраль айында өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

Сооробай Жээнбеков президент болгон жарым жыл ичинде кандай кадрдык өзгөрүүлөр болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрө аласыздар.