Иш издегендер үчүн Бишкекте жарманке өтөт

Студенттер менен бүтүрүүчүлөргө 20 жергиликтүү компания бош жумушчу орундарды сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Шейшемби күнү Бишкекте "Текстиль жана тигүү тармагы үчүн кадрлар" аттуу бош жумушчу орундардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Сайназаров: жаштарды тоо-кен жана IT тармагындагы адистиктерди алууга чакырам
Жарманке Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 10:00дөн 15:00гө чейин өтүп, 10-июнга чейин уланат. Бул иш-чара "Легром" ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

Жарманкеге жумушчуларга муктаж болгон атамекендик өнөр жайлар катышат.

Текстиль жана тигүү компанияларына конструкторлор, дизайнер-технологдор, менеджер, тигүүчүлөр керек.

Буга чейин да жумуш издегендерге иш таап алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, 4 миңден ашык бош орундардын жарманкеси өткөн.